Кыргыз Республикасынын Эл артисти Саламат Садыкова Түркия мамлекетинде мейманда. Ал 28-сентябрь күнү Түркиянын Конья шаарында өтүп жаткан "Мistik & folklore" эл аралык фестивалында жеке концерт берет.
Фестиваль үчүн 9 мамлекет тандап алынган. Анын бири Кыргыз жергеси. Буюрса, кыргыз ырлары Түркиянын сахнасында жаңырат. Ал жакка ырчы Кубаныч Сатаев дагы кеткен. Иш-чара "Selçuklu Kongre Merkezi" концерттик залында өтөт.