Коомдо болуп жаткан түрдүү көрүнүштөрдү сатирага салып, калкка күлкү тартуулап, жалпы жумурай журттун жүрөгүнөн түнөк тапкан куудулдарыбыз Абдылда Иманкулов жана Тынар Курбаналиев биргелешкен концерт коюшту. "Биздин мекен шайлоого бай, шаңга бай" аттуу күлкү-концерт 27-сентябрда Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында болуп өттү.
"Концертти буга чейин аймактарга коюп келдик, эми кезек Бишкекке жетип концерт берип отурабыз, сатиранын бардыгы жаңы, эски сатираларды ойносок баягы эле сатиралары дешет", - дейт Абдылда Иманкулов.