Министр Кыргыз өлкөсүн Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттиктин толук кандуу мүчөлүгүнө сунуштады

Кыргыз өлкөсүнүн өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттиктин Кыргыз өлкөсүнүн толук кандуу мүчөлүгү боюнча узакка созулган маселени чечүүгө чакырды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кайрылуу Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттиктин Башкы конференциясынын Венада өтүп жаткан 65-сессиясында айтылды.

"20дан ашык мамлекет, анын ичинде Кыргыз мамлекети өлкө топторунун Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттиктин мүчөлүгүнө катталган эмес. Топко мүчө болбогондуктан биз шайлануу укугунан ажырап жатабыз. Бул нерсе Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттиктин мүчөлөрүнүн ортосунда теңсиздикти жаратып жатат", - деди министр.

Ошондой эле ал аталган көйгөйдү БУУнун башка структураларынын тажрыйбасын колдонуу менен чечүүнү сунуштады. Анын айтымында, өлкөлөрдүн бир нече жолу кайрылган билдирүүсү жыйынтык берген эмес.

"Биз маселени толук жана кеңири талкуулоого жана катчылыкты мындай узакка созулган кырдаалды чечүү сунуштарын киргизүүгө чакырабыз", - деп билдирет министр.

Мындан тышкары жыйында Ажикеев КМШнын алкагында ишке ашырылган "Уран казуу өнөр жайынан жабыркаган мамлекеттердин аймактарын рекультивациялоо" мамлекеттер аралык максаттуу программасынын ийгиликтүү ишке ашып жаткандыгын билдирди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, бүгүнкү күндө Кыргыз өлкөсү Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиги менен биргеликте ​​Борбор Азиядагы уран калдыктарын рекультивациялоо боюнча стратегиялык башкы планын иштеп чыккан. Мындан улам жерлерди калыбына келтирүү боюнча эффективдүү мамиленин жол картасы түзүлгөн. Башкы конференциянын алкагында акыркы жылдары Борбордук Азия өлкөлөрү жетишкен ийгиликтерди эске алуу менен жаңыланган стратегиялык башкы планына кол коюу пландаштырылууда.

Белгилей кетсек, Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик - атом энергиясын тынчтык максатта колдонуу чөйрөсүндө кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча эл аралык уюм. Ал 1957-жылы негизделген. Уюмдун ишмердүүлүгү ядролук технология жана аны кош колдонуу мүмкүнчүлүктөрү менен ажырагыс байланышта. 2017-2018-жылдары уюмдун Жетектөөчү Кеңешине 35 өлкө кирген, алар: Австралия, Алжир, Аргентина, Армения, Бельгия, Бразилия, Улуу Британия, Венесуэла, Германия, Дания, Индия, Индонезия, Италия, Иордания, Канада, Катар, Кытай, Коста-Рика, Кот-д'Ивуар, Кения, Нидерланды, Бириккен Араб Эмираттары, Перу, Португалия, Корея Республикасы, Орусия, Сербия, Сингапур, Словения, АКШ, Судан, Франция, Чили, Түштүк Африка жана Япония.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан