Пермь университетинде атылган октон жабыркагандардын саны 43кө жетти

Пермь мамлекеттик улуттук изилдөө университетинде болгон атышуунун натыйжасында такталган маалымат боюнча жалпысынан 43 адам жаракат алды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар Саламаттыкты сактоо министрлигине шилтеме берип жазып чыгышты.

"Бүгүнкү күндө 43 жабырлануучу бар, алардын 12си Пермь шаарындагы үч ооруканада. Алардын арасынан ок аткан жарандын абалы оор", - деп министрликтен билдиришкен.

Маалыматка ылайык, кол салуучунун сол буту кесилген. Буга чейин 28 жабырлануучу тууралуу айтылган.

Эскерте кетсек, 20-сентябрда эртең менен студент Пермь шаарындагы университеттин имаратында Тимур Бекмансуров аттуу жаран ок чыгарган. Каргашанын кесепетинен алты киши набыт болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан