Бүгүн, 22-сентябрда Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбору Курсан Асановдун өзгөчө режимдеги №50 тергөө абагына которулушу боюнча тынчсыздануусун билдирип, Башкы прокуратурага кайрылуу жолдоду. Бул тууралуу аталган борбордун жетекчиси Бакыт Рысбеков билдирди.
"Курсан Асановдун №50 тергөө абагына которулушуна кооптонуп жатабыз. Себеби ал жерде кандай адамдар кармалары баарына маалым. Кылмыш дүйнөсүндө жүргөн адамдардын укук коргоо органдарында иштеген адамдарга карата жасаган мамилесин баарыбыз билебиз. Курсан Асановдун буга чейин иштеген кызматы да ушул нерсе менен байланыштуу экендиги белгилүү. Ошол себептен Башкы прокуратурага кайрылуу жолдодук", - деди Бакыт Рысбеков.
Белгилей кетсек, №50 тергөө абагы Чүй облусунун Ысык-Ата районунда жайгашкан. Анда негизинен өмүр бою эркинен ажыратылган адамдар кармалат.