Биз социалдык тармакта

Президент ар кыл тармактын өзгөчөлөнгөн ишмерлерине мамлекеттик сыйлыктарды салтанаттуу тапшырды

Бүгүн, 22-сентябрда президент Садыр Жапаров ар кыл тармактын өзгөчөлөнгөн ишмерлерине мамлекеттик сыйлыктарды салтанаттуу тапшырды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, советтик мамлекеттик жана партиялык ишмерлер Жусуп Абдрахмановго, Акматбек Сүйүмбаевге көзү өткөндөн кийин эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылды.
Буга чейин мамлекеттин жана кыргыз элинин алдында сиңирген көөнөрбөс эмгеги жана туулган күнүнүн 120 жылдыгына байланыштуу Жусуп Абдрахмановго "Ак Шумкар" өзгөчө белгисин тапшыруу менен "Кыргыз Республикасынын Баатыры" эң жогорку артыкчылык даражасын ыйгаруу, мамлекеттин жана кыргыз элинин алдында сиңирген өзгөчө эмгеги, мекенге жан аябас кызмат кылгандыгы үчүн Акматбек Сүйүмбаевге да жогорудагыдай наам ыйгаруу тууралуу жарлыкка кол коюлган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан