Баткендеги чек ара жаңжалына байланыштуу кармалган Лейлектин үч тургунуна соттун өкүмү чыкты. Бул тууралуу Баткен облустук сотунан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, Баткен облусунун Лейлек райондук соту 2021-жылдын 21-сентябрында Кыргыз жарандары И.А.И., Б.А.И. жана У.А.Кга карата өкүм чыгарды. И.А.И 15 жылга, ал эми калган экөө 8 жарым жылга эркинен ажыратылды.
Эскерте кетсек, алар Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын чек ара аймагындагы куралдуу кагылышта кыргыздардын үй-жайын талап-тоноого шектелип кармалган.