Биз социалдык тармакта

Дордой конушунда 140 орундуу бала бакчанын курулуш иши башталды

Бишкектин Дордой конушунда 140 орундуу бала бакчанын курулуш иши башталды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бала бакчага бөлүнгөн жер тилкесинин жалпы аянты 0,57 гектарды түзөт.

"Курулган имаратта оюн бөлмөсү, уктоочу бөлмө, ашкана, даараткана, медициналык кабинет, музыка жана гимнастика залы болот", - деп жазылат маалыматта.

Сынактын жыйынтыгы боюнча борбордук мэриянын капиталдык курулуш боюнча мамлекеттик башкармалыгы "Монолит Строй" курулуш компаниясынын подрядчигин (аткаруучусун) аныктады.

Ошондой эле чыгымдар шаардык бюджеттен каржыланары маалымдалды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан