Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин Балык чарба департаментинин кызматкерлери суу сактагычтарды жана көлдөрдү тазалоо, балыктарды коргоо максатында Ысык-Көлдө, Орто-Токой, Токтогул жана Чүй облусуна караштуу бардык суу сактагычтарда тазалоо иштерин жүргүзүп бүттү. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматынан билдиришти.
Анда айтылгандай, 6 айдагы тазалоо иштеринин натыйжасында жалпы узундугу 71 миң 980 метрди түзгөн 831 даана мыйзамсыз салынган балык кармоочу торлор табылган.
Алардын ичинен:
Ысык-Көлдө 488 даана (жалпы узундугу 39 миң 40 метр);
Орто-Токой суу сактагычында 20 даана (2 миң метр);
Токтогул суу сактагычында 170 даана (17 миң метр);
Чүй облусундагы суу сактагычтарда 153 даана (13 миң 190 метр).
Ошондой эле браконьерлер тарабынан мыйзамсыз салынган балык уулоочу тордун бардыгы суудан чыгарылып, тазаланганы кабарланды.