АКШнын мурунку президенти Дональд Трамп үй-бүлөсүнүн 2018-жылдагы финансылык абалы жана салык документтери тууралуу жарыяланган макаласы үчүн жээни Мэри Трамп менен "The New York Times" гезитин сотко берип, 100 миллион доллар өлчөмүндөгү компенсация талап кылууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматтарга караганда, Трамп жээнин 2001-жылы түзүлгөн келишимди бузгандыгын жана атасынын мурасына тиешелүү салык документтериндеги маалыматтарды ачыкка чыгаргандыгын айтып, доо арыз менен сотко кайрылган. Ал мындай аракетти өч алуу менен байланыштырат.
"Соттук тергөөлөргө ылайык, Мэри өтө жашыруун жана коммерциялык сырды түзгөн маалыматтарды камтыган 40 миңден ашуун барактан турган финансылык жана укуктук документтерди жарыялаган", - деп жазылат маалыматта.
Ошондой эле экс-президент "The New York Times" гезитин жана анын үч журналистин "өз кызыкчылыктары үчүн тымызын аракеттерди кылышып, маалыматтарды таркатты" деп айыптоодо.
Эске салсак, 2020-жылы Мэри Трамп өзүнө калган мүлктүн реалдуу наркы жана өлчөмү жөнүндө алданганынан улам Дональд Трампты, анын карындашы Мэриенн Трамп-Бэррини жана 2020-жылы көз жумган бир туганы Роберт Трампты сотко берген. Ошондой эле Мэри Дональд Трамптын бала кезинде дүйнө таанымынын калыптанышына атасынын каарына калуудан коркуу сезимдери чоң таасир бергенин айтып, ал жаштайынан эле алдамчылыкка, башкаларды өз кызыкчылыгына пайдаланууга шыктуу экенин "Эң көп жана ар дайым аз: Менин үй-бүлөм кантип дүйнөдөгү эң коркунучтуу адамды жараткан" деген китебинде жазып чыккан.