Америка Кошмо Штаттары дүйнөнү глобалдык жылуулуктан коргоо үчүн эки эсе көп каражат сарптоону чечти. Бул тууралуу АКШнын президенти Жо Байдендин билдирүүсүнө таянып чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Байдендин айтымында, глобалдык жылуулук көйгөйлөрүн чечүү, ошондой эле коронавирустук пандемия менен байланышкан кризистен чыгуу 2030-жылга чейин адамзаттын башкы көйгөйлөрүнө айланат.
"Бул он жылдык биздин келечегибизди аныктайт. Дүйнө коомчулугу шашылыш, жакындап келе жаткан кризистерге туш болуп жатат, бирок биздин алдыбызда жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылып жатат", - деди Байден.
Ошондой эле планетаны кыйратуучу апааттан куткаруу үчүн чыгымдарды көбөйтүүнү эле эмес, жалпы кодексти иштеп чыгууну күтүп жатканын баса белгиледи.
Мындан тышкары буга чейин глобалдык жылуулук көйгөйү өзгөчө курч алган Африка, Азия, Кариб деңизи, Латын Америка жана Тынч океан мамлекеттеринин жамааты Глазгодо боло турган климат саммитинин алдында бай мамлекеттерди убадасын аткарууга чакырышкан. Анда 2020-2024-жылдар аралыгында өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө жылына 100 миллиард доллар каражат бөлүү каралган.