21-сентябрда Чүйдө изделип жаткан 16 жаштагы Хадича Болотбекованын жансыз денеси табылган. Маркумдун атасы Улан Бекбоев кызынын өлүмү боюнча эч кимге доосу жок экендигин SUPER.KG порталына билдирди.
"Кызымдын сөөгү кечээ, 21-сентябрда жерге берилди. Кызым быйыл 9-классты аяктап, Таштан Эрматов атындагы педагогикалык колледжге бюджеттик негизде окууга тапшырган. Келечекте куранды толук жаттоону максат кылып жүргөн. Бирок кызымдын тилектери орундалбай калды. Кызымдын өлүмү боюнча эч кимге дообуз жок. Арыз жазбайбыз. Кызымды издөөгө көмөктөшкөн бардык адамдарга ыраазычылыгымды билдирем", - деди Улан Бекбоев.
Эске салсак, буга чейин Хадича Болотбекова 15-сентябрь күнү таңкы саат 05:00 чамасында Ысык-Ата районунун Жайылма айылындагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан.