Биз социалдык тармакта

Ош шаары менен Кара-Суу району чектешкен айланма жолдорго эс алуу бактар курулат. Долбоор даяр

Ош шаары менен Кара-Суу району чектешкен "Барсбек" жана "Манас" айкелдери жайгашкан айланма жолдордун айланасы жашылдандырылып, жарандар үчүн эс алуучу бактар курулат. Мындай маалыматты президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.
"Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов жогоруда аталган айкелдер жайгашкан айланма жолдордун айланасын жашылдандыруу боюнча долбоору менен таанышты.
Кара-Суу районунун Нариман айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан айланма жолдун тегерегиндеги жашылдандыруу жумуштары кийинки айда башталат. Ал эми айланма жолдун Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнө караган бөлүгүнө курулуучу эс алуу бактын долбоору бүткөрүлүп, каржы булагы аныкталууда", - дешти мекемеден.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
bekhaliev
2021-09-23 06:48:34
Парк болот деп мырзакматов мэр болуп жургон айтып калышчы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан