Кыргыз тил күнүнө карата 23-сентябрда Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада иш-чара өтөт. Бул тууралуу Улуттук китепканадан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, 23-сентябрда саат 11:00дө Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканасынын Кыргыз-Түрк маданият борборунун Чыңгыз Айтматов атындагы залында 23-сентябрь Кыргыз тили күнүнө карата "Кылымдарды карыткан кыргыз тилим, Кыйырсыз сенден алам чексиз билим" аттуу иш-чара өтөт.
Бул иш-чаранын алкагында “Окумал үй-бүлө: кыргыз тилинде бирге окуйбуз” аттуу адабий марафону жыйынтыкталат. Марафондун бардык катышуучулары окуу марафонунун дипломдору менен сыйланат.
Мамлекеттик тил саясатын жайылтуу иштерин уюштуруу жана жүргүзүү боюнча 2021-жылдын 5-июлунан 10-сентябрына чейин Улуттук китепканада “Окумал үй-бүлө: кыргыз тилинде бирге окуйбуз” деген адабий марафон жарыяланган. Ага 7 жаштан 14 жашка чейинки бардык каалаган балдар, өспүрүмдөр катышкан.