Биз социалдык тармакта

Ошто алдамчылыкка шектелген айылдык кеңештин депутаты 1 айга камалды

Ош облусунун Кара-Суу районунун Шарк айыл өкмөтүнүн депутаты алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынан маалымдашты.

Белгилүү болгондой, анын үстүнөн 61 жаштагы жергиликтүү тургун арызданган.

"Жергиликтүү тургундун арызынын негизинде Жазык кодексинин 204-беренеси "алдамчылык" менен кылмыш иши ачылып, эки жылга жакын иликтөө жүргөн.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө 17-сентябрь күнү Кара-Суу районунун Шарк айылдык кеңешинин депутаты, 56 жаштагы М.Х. кармалып, убактылуу кармоочу жайга 1 айга киргизилди", - дешти мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан