Ооганстанда талибдер стадиондо аялдардын болгондугуна байланыштуу Индия Премьер-Лигасынын крикет оюндарын көрсөтүүгө тыюу салды. Бул тууралуу Ооганстандын крикет кеңешинин мурдагы медиа менеджери Ибрагим Моманддын берген билдирүүсүнө таянып, чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, ооган улуттук телекөрсөтүүсү Индия Премьер-Лигасынын крикет оюндарын көрсөтүүдөн баш тартты. Анткени талибдер беттеш исламга каршы мазмунга толгон деп эсептешет. Ошондой эле стадиондо жылаңбаш аялдардын жана бийлеген кыздардын болуусуна байланыштуу көрсөтпөй тургандыгын билдиришкен.
Белгилей кетсек, буга чейин кыздар жүзүн кошо жапкан баш кийим кийип, эркек балдар менен бир бөлмөгө отурбай өзүнчө окуй турганы маалымдалган. Мындан тышкары "Талибан" кыймылы ооган аялдардын спорт менен алектенүүсүнө тыюу салган.
Маалымат үчүн:
"Талибан" кыймылы Кыргыз өлкөсүнүн аймагында террордук жана экстремисттик уюм катары таанылып, ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.