Дүйнөдөгү эң коопсуз шаарлар аталды

Эл аралык эксперттер дүйнөнүн 60 шаарындагы кылмыштуулуктун деңгээлине изилдөө жүргүзүп, эң коопсуз шаарды атады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, эң коопсуз шаарды аныктоо үчүн кылмыштуулуктун деңгээлинен башка дагы шаардагы саламаттыкты сактоо кызматы, инфраструктура, экология жана жеке коопсуздук сыяктуу критерийлер эске алынган.

Натыйжада Европадагы Дания мамлекетинин борбору Копенгаген шаары дүйнөдөгү эң коопсуз шаар деп табылган. Аталган шаар 1 жыл мурда эле 8-орунду ээлеп турган. Экологиялык жана жарандардын жеке коопсуздугун камсыз кылуунун арты менен 1 жылда эле эң алдыңкы орунга жайгашууга жетишкен. Ошондой эле кылмыштуулуктун эң төмөнкү көрсөткүчү да бул калаага таандык экендиги жазылган докладда.

Ал эми коопсуз шаарлардын тизмесиндеги 2-орунду Канадада жайгашкан Торонто шаары ээлеген. 3-орунду Сингапур шаары камсыздаган. Андан кийинки катарларда Сидней (Австралия), Токио (Япония), Амстердам (Нидерланды), Веллингтон (Жаңы Зеландия), Гонконг (Кытай), Мельбурн (Австралия) жана Стокгольм шаарлары (Швеция) орун алган.

1. Копенгаген (Дания)

2. Торонто (Канада)

3. Сингапур (Сингапур)

4. Сидней (Австралия)

5. Токио (Япония)

6. Амстердам (Нидерланды)

7. Веллингтон (Жаңы Зеландия)

8. Гонконг (Кытай)

9. Мельбурн (Австралия)

10. Стокгольм (Швеция)

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан