Орусия президенти Владимир Путин Пермдеги улуттук изилдөө университетинде ок чыгарган 18 жаштагы Тимур Бекмансуровду жарадар кылган полиция кызматкерлерин сыйлады. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, кол салуучуну жарадар кылган Константин Калинин кызматтык милдетин аткарууда көрсөткөн эрдиги жана берилгендиги үчүн "Эрдик" ордени менен, Владимир Макаров "Коомдук тартипти сактоонун отличниги" медалы менен сыйланган.
Бул эки полиция кызматкери окуя болгон жерге биринчи болуп келип, Бекмансуровду жарадар кылышкан.
Эске салсак, Пермдеги университеттеги каргашалуу окуя 20-сентябрь күнү орун алган. Анда Тимур Бекмансуров аттуу юридикалык факультеттин 1-курсунда окуган студент 12 калибрдүү куралы менен окуу жайга кирип келип, бир канча жолу ок аткан. Анын огунан улам 6 адам каза таап, ондогон жаран жаракат алган. Полиция кызматкерлери Тимур Бекмансуровду жарадар кылып колго түшүрүшкөн.