Садыр Жапаров өлкөнүн бир катар маданият ишмерлерине мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-сентябрда өлкөнүн бир катар маданият ишмерлерине мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Садыр Жапаров республикабыздын маданий, интеллектуалдык жана рухий дараметин өнүктүрүүгө салым кошкон, өз тармактарында көп жылдан бери үзүрлүү эмгектенген кесипкөй мекендештерибиздин эмгеги бааланып, мамлекеттик сыйлыктардын ыйгарылып жатканын жакшы жөрөлгө, мыкты саамалык деп эсептейт.

Анын айтымында, эгемендик алган 30 жыл аралыгында өлкөбүздө социалдык, саясий, экономикалык бир топ окуялар — улуттук деңгээлдеги жетишкендиктер болсо, ошол эле маалда айрым тармактарыбыз өксүктөр менен коштолду.

"Бирок табиятында өнөрдү аздектей билген элибиз маданият жаатындагы көп өнөрдү заман агымы менен кошо ала жүрүп, сактап келишти. Ошентсе да жетишсиз каржылоо, эмгек акынын аздыгы, чакталуу шарт-жагдай менен катар искусствону жерде калтырбай, маданиятка аяр мамиле жасап, ата-бабалардан бери келаткан өнөр көчүн улап кетүү ошол кездин чен өлчөмүндө оңой эмес иш болчу.

Мына ошондуктан экономикабыз менен социалдык абалыбыздын чакталуу экенине карабай, маданият — бул мамлекеттин, улуттун идеологиясы, түпкү өзөгү экенин аңдап-түшүнүп, аны алаканга салгандай кылып аяр сактап келе жаткан өнөр ээлерине миң мертебе ыраазычылык билдирем. Мен буга чейин да айткам, дагы да кайталап айтуудан тартынбайм — биз улуттук маданиятыбызды өнүктүрмөйүн, элибиздин аң-сезимин да, жашоо деңгээлин да жогору көтөрө албайбыз. Элибиздин аң-сезими адабият менен маданияттын таасиринде калыптанмайын, биз күчтүү, бакубат коомду кура албайбыз. Турмуш чындыгы ушундай", - деди Садыр Жапаров.

Садыр Жапаров кийинки кадам бардык өнөр ээлерине терең изденүү менен татыктуу чыгарма жаратуусуна шарт түзүп берүү болорун белгиледи.

"Эми биз — мамлекет башындагылар күчтүү, бакубат кыргыз коомун курабыз десек, элдин аң-сезимин адабият менен маданияттын таасиринде калыптандырып, руханий дүйнөбүздү байытышыбыз кажет. Ал үчүн менин "Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө" деген алгачкы жарлыгым дагы дал ушул максатка багытталган", - деп билдирди мамлекет башчысы.

Мындан сырткары президент стратегиялык өнөктөшүбүз саналган Орусиянын Кыргыз өлкөсү менен эриш-аркак жылынын алкагында маданият жана искусство жаатындагы эки өлкөнүн кызматташтыгын чыңдоого жана өнүктүрүүгө зор салым кошкон инсандарды белгиледи.

"Өзүңүздөр билесиздер, эки элдин алака-катышын көркөм өнөр менен коштоп жакындатуу, эки мамлекеттин тыгыз кызматташтыгына, бузулгус ынтымагына өбөлгө-шарт болуп берет. Мындай инсандардын эмгектерин дагы белгилеп, баалоонун өзү эле чоң маданиятка кам көрүү десек жаңылыштык болбос", - деп кошумчалады президент.

Мамлекет башчысы Кыргыз өлкөсү менен Орусиянын эл аралык маданий кызматташтыгын арттырууга данакер болгон, эки элдин достугун бекемдөөгө салым кошкон инсандарга ыраазычылык билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Dembele84
2021-09-22 19:44:27
Сыйлыктан мурун условия туз!Кээ бир театр и концертный залдар кочойун деп турат,ошону ондо биринчи и айлыгын кобойт Саке ава
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан