Эртең, 23-сентябрда түнкүсүн Ысык-Көлдүн чыгышында өткүн өтөт. Башка аймактарда жаан-чачын жаабайт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.
Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 5...10, күндүз 22...27,
Талас облусунда түнкүсүн 3...8, күндүз 20...25,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 10...15, күндүз 26...31,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 6...11, күндүз 20...25,
Нарын облусунда түнкүсүн 2...7, күндүз 20...25,
Бишкек шаарында түнкүсүн 8…10, күндүз 24…26° чейин күн ысыйт.