Буга чейин Чүй облусунун Сокулук районундагы Военно-Антоновка айылында жайгашкан Военно-Антоновка окуу-тарбия комплекс гимназиясында бир класста 45-50дөн окуучу 4 нөөмөттө билим алып жатышканын айыл тургуну Каныбек Көчөрбаев билдирген.
Бул боюнча Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматына байланышып, төмөнкүдөй жооп алдык.
"Бул маселе боюнча жакшы кабардарбыз. Кептин баары Военно-Антоновка айылында 10 жылга чукул убакыттан бери жаңы мектептин курулуп бүтпөй жатканында. Курулуш иштери өз убагында бүткөрүлүп, колдонууга берилсе, ата-энелер, окуучулар, кыскасы, баары үчүн жакшы болбойт беле.
Ушундай абалдын жаралганына тиешелүү мамлекеттик органдар жооп бериши керек. Негизи Военно-Антоновка айылы калк жыш отурукташкан аймактардын катарына кирет. Ички миграция, демография маселеси да бар", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.