ЖЫЛНААМА, 23-сентябрь: 1846-жылы Нептун планетасы табылган

23-сентябрь, 1846-жылы Нептун планетасы табылган.

Немис астроному Иоганн Готтфрид Галле жана Генрих д’Аррелер тарабынан Нептун планетасы ачылган.

Нептун — Күн системасынын сегизинчи планетасы жана бул Күндөн эң алыс жайгашкан планета. Күнгө чейин орточо аралыгы 30,06 а.б. же 4500 миллион чакырым. Нептун орбита бонча 5,4 чакырым/секунда орточо ылдамдык менен Күндү 164,79 жылда толук 1 айланып чыгат. Анын диаметри Жердин экватордук диаметринен 3,88 эсе (49500 чакырым), көлөмү Жердин көлөмүнөн 57 эсе, массасы 17,28 эсе чоң. Орточо тыгыздыгы 1,84 г/см3га барабар, бетиндеги оордук күчүнүн ылдамдануусу 11 м/сек жакын. Жылдыз чоңдугу+7m,6га барабар. Нептундун атмосферасынын курамында метан, суутек, гелий бар.
Жандоочулары Тритон жана Нереида. Нептун Жерден өтө алыс болгондуктан, аны изилдөө кыйын.

23-сентябрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан