Биз социалдык тармакта

Ошто турак үйдөн чыккан өрт май алмаштыруучу күркөгө, коңшу үйгө да жайылды

Ошто турак үйдөн чыккан өрт коңшу үйгө да жайылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, өрт кечээ, 22-сентябрда чыккан.
"Нөөмөт бөлүмгө саат 19:48де турак үйдөн өрт чыккандыгы туралуу маалымат түштү. Өрт жакын жайгашкан имаратка өтүп кеткени кабарланып, үч өрт өчүрүүчү бөлүм тартылды. Саат 20:10до өрт чектөөгө алынып, 21:13тө толук өчүрүлдү.
Өрттүн кесепетинен тунуке менен жабылган турак үйдүн 25 чарчы метр аянты, чатыры жана 6 чарчы метр май алмаштыруучу күркө күйдү. Мындан тышкары жакын жайгашкан коңшу үйдүн 60 чарчы метр чатыры күйдү. Өрттүн себеби учурда такталууда", - дешти мекемеден.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан