“Жоролор” куудулдар тобу 17-18-ноябрь күндөрү Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз драма театрында “Жоролордун жоруктары” аталышындагы жаңы программадагы тамаша концертин тартуулайт. Топтун жетекчиси Жылдызбек Абдраимов: “Бул ирет биздин курамга жаш, таланттуу балдар кошулду. Буйруса алардын өнөрүнө концертте күбө болосуздар. Ошондой эле “Саясатчылар сахнада сүйлөшөт”, “Кино тартабыз”, “Кыз ала качуу” жана башка жаңы номерлерди элге тартуулайбыз” деп SUPER.KG порталына бүгүн, 6-ноябрда билдирди.