Чүйдө мончо, бастырма жана курулуш шаймандары күйүп кетти

Чүй облусунун Шопоков шаарында өрт кырсыгы катталды, бактыга жараша жабыркагандар болгон жок. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, өрт 23-сентябрга караган түнү чыкты.
"Унаа токтотуучу базанын ичинде жайгашкан 3 даана көчүрмө мончо, бастырманын ичинде жыйналган 1000 даана түк чөп жана курулуш материалдары күйгөн. Өрттүн жалпы аянты 100 чарчы метрди түзөт.
Өрт саат 03:20да чектөөгө алынып, 07:53тө толук өчүрүлдү. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда, жабыркагандар жок", - дешти мекемеден.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан