Климаттын өзгөрүшү буудайдын түшүмүнө олуттуу таасирин тийгизип, анын баасынын кескин жогорулоосуна себеп болууда. Мындан улам дүйнөдө кесме азыгын өндүрүүчүлөр жапа чегүүдө. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, быйылкы жай айындагы аба ырайынын кескин өзгөрүүсүнөн, тактап айтканда кургакчылык менен ашыкча бороон-чапкындар дүйнөдөгү көптөгөн эгин талааларына зыян алып келген. Мындан улам түшүм азайып, эгин базарында баа кыйла жогорулаган. Ал эми чийки заттын жетишсиздиги кесме өндүрүүчүлөрдүн ишин үзгүлтүккө учуратып жатат.
Айрым эксперттер быйыл буудайдын түшүмү дүйнөдө акыркы 20 жылда болуп көрбөгөндөй төмөнкү чекке жетерин божомолдошууда.
"Албетте, кесме түгөнө элек. Бирок жакынкы күндөрү дүкөндүн текчелери бош калышы мүмкүн", - деп билдирген кесме өндүргөн компаниялардын биринин өкүлү.