Бүгүн, 23-сентябрда Бишкек шаарына санариптештирүү жана транспорт боюнча вице-мэр болуп Таалайбек Орозов дайындалды.
Таалайбек Орозов буга чейин бир ай өкмөттүн алдындагы Санариптик өнүктүрүү боюнча мамлекеттик кызматты жетектеген. Ал көп жылдар бою "Global Industrial Development" ЖЧКсынын башкы директору болгон. Мындан тышкары, Транспорт жана коммуникация министрлигинде, өкмөттө, президенттик администрацияда иштеген. "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын директору, "Кыргызтелекомдун" директорлор кеңешинин төрагасы болгон.
Таалайбек Орозов 1974-жылы туулган. 1997-жылы Кыргыз техникалык университетинин Машина куруу факультетин бүтүргөн.
Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун бир катар ардак грамоталары менен сыйланган.