Биз социалдык тармакта

Пермдеги окуя: Милиция кызматкерлери Бишкектеги орто мектептерде окуучулар менен жолугушууларды өткөрүүдө

Орусиядагы Пермь университетиндеги каргашалуу окуяга байланыштуу Ленин райондук Ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери борбор калаадагы орто мектептердин биринде жогорку класстардын окуучулары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Бул тууралуу Ленин РИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ленин РИИБинин жашы жете электер менен иш алып барган кызматкерлери Бишкектеги №96 орто мектептин жогорку класстарынын окуучулары арасында профилактикалык лекцияларды өткөрүштү.

Иш-чаранын жүрүшүндө окуучуларга мыйзамсыз курал-жарак сактоо жана өспүрүмдөр жасаган кылмыштар үчүн каралган жоопкерчиликтер боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Ошондой эле билим берүү мекемелеринде жана көчөдө да тартип жана мыйзамдуулукту сактоонун зарылдыгы эскертилди.

Эске салсак, кечээ, 22-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бурул Аманова Пермь шаарындагы окуя боюнча маселе көтөрүп чыккан. Анда ал мындай окуялар бизде болуп кетпесине кепилдик жок экендигин айтып, тез арада окуучулар жана студенттер менен иштешүү керектигин баса белгилеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
KazNazi
2021-09-23 12:00:03
Бардык мектептерге барышса,калган райондун кызматкерлери улгу алса
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан