Биз социалдык тармакта

"Жумушка келбей койгон". Досмат Садыркуловдун иштен алынуусу тууралуу опера жана балет театры эмне дейт?

Кечээ, 22-сентябрь күнү Кыргыз өлкөсүнүн Эмгек сиңирген артисти Досмат Садыркулов Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрындагы жумушунан бошотулгандыгы тууралуу маалым болгон. Садыркулов бул театрга бүткүл жашоосун арнаганын айтып, жумуш берилбеген күндөргө келген жок деп акт жаза беришкендигин билдирген.

Ал эми Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын администрациясына байланышканыбызда төмөнкүлөрдү билдиришти.

"Ушул жылдын 4-августунан 24-августуна чейин жумушка чыккан жок жана ушуга байланыштуу театрдын директору аны иштен алууга аргасыз болгон", - дешти театрдан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан