Нарында чайканадан өрт чыгып, 20 жаштагы кыз күйүк алды

Нарын шаарында чайканадан өрт чыгып, бир кыз жабыркады. Бул туурасында ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашат.
Маалым болгондой, 22-сентябрда Нарын шаарындагы чайканадан чыккан өрттү өчүрүүгө эки өрт өчүрүүчү бөлүм тартылып, саат 19:10до толук өчүрүлдү.
"Өрттүн кесепетинен жалпы аянты 25 чарчы метр чайкананын чатыры жана ички жасалгасы күйдү. Ошондой эле өрттүн кесепетинен 2001-жылы туулган К. кызы С. 1-даражадагы күйүк алып, "Тез жардам" кызматкерлерине өткөрүлүп берилди. Учурда өрттүн себеби такталууда", - дешти мекеменин басма сөз кызматынан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан