Нур-Султанда бейбаштыкка шектелип жаткан жаран терезеден качып кетүүгө аракет кылды (видео)

Шектүү жаран Нур-Султан шаарындагы полиция имаратынан качып кетүүгө аракет кылган. Бул тууралуу казак басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, социалдык тармактарга тараган видеодо бир киши имараттан терезеден чыгып кетүүгө аракет кылганын көрүүгө болот.

"Үстүбүздөгү жылдын 22-сентябрында 32 жаштагы жаран бейбаштык фактысы боюнча милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, экинчи кабаттын терезесинен милициянын имаратынан чыгып кетүүгө аракет кылган. Бейбаштык фактысы боюнча сотко чейинки тергөө иштери жүрүп жатат", - деп жазылат маалыматта.

Терезеден качып кетүүгө аракет кылган
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан