Индияда 2 жарым миңдей кериктин мүйүзү өрттөлдү

Индиянын Ассам штатында бүткүл дүйнөлүк керик күнүнө карата аталган жаныбардын 2500гө жакын мүйүзү өрттөлдү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Гувахати шаарынан 240 чакырым алыстыкта жайгашкан стадионго 6 чоң өрт жагылып, анда 2500гө жакын керик мүйүзү өрттөлгөн. Бийлик бул кадамы менен кериктин мүйүзүндө эч кандай дарылык касиет жок экенин жана мүйүзүн алуу үчүн бул жаныбарды өлтүрүү пайдасыз экендигин көрсөткүсү келген.

"Биз кериктин мүйүзүндө эч кандай пайдалуу нерсе жок экендигин көрсөткүбүз келди. Муну менен бардык адамдарды бул сейрек кездешкен жаныбарды өлтүрбөөгө жана сатпоого чакырабыз", - деп билдирген Ассам штатынын министри Химманта Бисва Сарма.

Өрттөлгөн мүйүздөр Индиянын ар кайсы аймактарынан өлгөн кериктерден жана мыйзамсыз аң уулоочулардан чогултулуп, 1979-жылдан бери музейлерде сакталып келгендиги маалымдалды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан