Хабаровск: Дайынсыз жоголгон учактагы адамдардын бардыгы каза болгондугу маалымдалды

Орусиянын Хабаровск крайында дайынсыз жоголгон АН-26 учагынын 6 экипажынын алдын-ала маалыматтар боюнча бардыгы каза болгон. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазды.

"Алдын ала маалыматтар боюнча, авиакырсыктан аман калгандар жок", - деп айтылат маалыматта.

Учурда учактын кулаган жерин аныктоо боюнча иштер жүрүүдө. Учакты издөөгө Ми-8 тик учагы,140 адам жана 35 техника тартылган.

Кечээ, 22-сентябрда АН-26 учагы Хабаровсктон 38 чакырым алыстыкта ​​радардан жоголгон. Учакта экипаждын 6 мүчөсү бар болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан