Хабаровск: Куткаруучулар радардан жоголгон АН-26 учагынын кулаган жерине жетти (алгачкы кадр)

Орусиянын Хабаровск крайында дайынсыз жоголгон АН-26 учагынын кулаган жерине куткаруучулардын алгачкы тобу жетти. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазды.

Маалыматка ылайык, алар учактын кулаган жерине жетүү үчүн бир нече саат убакыт кетиришкен. Себеби катуу шамалдан улам абадагы операцияларга тоскоолдук жаралган.

Мындан тышкары, куткаруучулар экипаж мүчөлөрүнүн сөөктөрүн табышкан.

Кечээ, 22-сентябрда АН-26 учагы Хабаровсктон 38 чакырым алыстыкта ​​радардан жоголгон. Учакта экипаждын 6 мүчөсү бар болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан