УЕФА уюму Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) Дүйнөлүк чемпиондугун эки жылда бир өткөрүп туруу сунушун сынга алды. Бул тууралуу аталган уюм социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.
"Дүйнө чемпиондугун эки жылда бир өткөрүү дүйнөнүн башкы турниринин маанисин төмөндөтөт. Мындай аракет алсыз курама командалар үчүн мүмкүнчүлүктөрдүн кыскарышына алып келет. Ошондой эле кадимки беттештерди финалдык турнирлерге алмаштырат", - деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары УЕФА уюму жогорку интенсивдүүлүктөн улам оюнчулардын калыбына келүү үчүн жетиштүү убакытка ээ болбой калышына тынчсызданганын кошумчалаган.
Ал эми буга чейин "Реалдын" башкы машыктыруучусу Карло Анчелотти дагы ФИФАнын мындай идеясына терс пикирин айткан.
"Дүйнө чемпиондугун эки жылда бир өткөрүү. Мейли, мындай болсо жыл сайын деле өткөрө берели анда. Бирок оюнчулардын жүгү өтө чоң. Ошол себептүү ФИФА менен УЕФА уюмдары бул жөнүндө ойлонуп, туура чечим чыгарышы керек", - деген ал.
Белгилей кетсек, Дүйнөлүк чемпиондук 1930-жылдан бери төрт жылда бир өткөрүлүп келет. Кийинки Дүйнөлүк чемпиондук 2022-жылы Катарда өтөт.