Роналду "Forbes" журналынын тизмесинде Мессини артта калтырды

"Манчестер Юнайтеддин" чабуулчусу Криштиану Роналду "Forbes" журналы боюнча эң көп маяна алган футболчу болуп калды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, 2021-2022-жылкы сезондо португалиялык футболчу салыктардан тышкары 106 миллион 600 миң евро табат.

Роналдунун "Ювентус" клубунан "Манчестерге" өтүшү оюнчуга "Forbes" басылмасынын рейтингинде аргентиналык Лионель Мессиден ашып кетүүгө мүмкүнчүлүк берди. "Пари Сен-Жермендин" ("ПСЖ") чабуулчусу 93 миллион 800 миң евро кирешеси менен экинчи орунда.

Мессинин "ПСЖдагы" өнөктөшү Неймар эң көп акча тапкан футболчулардын үчилтигинде. Бразилиялык футболчу 81 миллион евро менен чектелген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
KG-312
2021-09-24 08:36:02
Экөөнүн гонкасы надоел уже.
-4
Kg-04
2021-09-24 10:56:26
Роналду кыйын экен
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан