Белгилүү дизайнер-модельер Арзубек Вонама Италияда өтө турган дүйнөлүк мода көргөзмөсүнө катышууга жөнөп кетти. Иш-чара 24-29-сентябрь аралыгында Италиянын Милан шаарында өтөт. Бул туурасында дизайнер менен байланышканыбызда маалым болду.
"Кыргыз өлкөсүнүн атынан көргөзмөгө мен бара жатам. Мен дүйнөлүк аренадагы көргөзмөгө биринчи жолу катышып жатам. Бул менин чоң кыялдарымдын бири болчу. 6 күнгө созулган мода көргөзмөсүндө чыгыш элине таандык болгон айымдардын көйнөктөрүн назарга коём.
Иш-чарага Азиянын көптөгөн өлкөлөрүнөн дизайнерлер катышат", - дейт ал.