Биз социалдык тармакта

Кара-Суу районунда 275 орундуу жаңы мектеп пайдаланууга берилди

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Каратай айылындагы А.Султанов атындагы №39 мектептин окуу корпусунун курулушу бүткѳрүлүп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган мектептин курулушу 2015-жылы башталган.

Жаңы мектеп 2-кабаттуу окуу корпусунан жана спорттук залдан турат. Жалпы аянты 1687,4 чарчы метрди түзүп, 275 орунга эсептелген.

"Бүгүнкү күндө объект пайдаланууга берилип, окуу процесси толук кандуу жүрүүдө.

Белгилей кетсек, аталган объекттин наркы 39 миллион 779 миң 160 сомду түзөт. Быйылкы жылы мектептин курулушун бүткөрүү үчүн 20 миллион 438 миң 600 сом бөлүнгөн", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан