Бүгүн, 23-сентябрда Бишкек шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата жана жазма акын, манасчы Тоголок Молдонун 160 жылдыгына карата дүйнөнүн окумуштуу-илимпоздору, эпос айтуучулары менен өнөр адамдары катышкан VI эл аралык "Дүйнө элдеринин эпостору" фестивалынын расмий ачылыш салтанаты башталды.
Алгач фестиваль манас айтуу менен башталып, бийлер менен коштолду.
Мындан тышкары маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев фестивалга ак жол каалап, ачык деп жарыялады.
Белгилей кетсек, фестивалдын алкагында "Мыкты боз үй", "Саркеч көчмөн", "Семетей" айтуучулар арасында "Семетейчи" сынактары өткөрүлөт.