Эзелки көчмөн турмушту элестетип... Бишкекте эл аралык фестиваль болуп өттү

Бүгүн, 23-сентябрда Бишкек шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын алдында эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына жана жазма акын, манасчы Тоголок Молдонун 160 жылдыгына карата дүйнөнүн окумуштуу-илимпоздору, эпос айтуучулары менен өнөр адамдары катышкан VI эл аралык "Дүйнө элдеринин эпостору" фестивалынын расмий ачылыш салтанаты болуп өттү.

Алгач фестиваль манас айтуу менен башталып, бийлер менен коштолду. Мындан тышкары маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова жана Кыргыз өлкөсүндөгү чет өлкөлүк элчиликтин өкүлдөрү сөз сүйлөштү.

Иш-чаранын жүрүшүндө маданият министри Кайрат Иманалиевдин катышуусунда боз үйдүн түндүгү көтөрүлдү.

Кыргыздын маш ботою жаңырып, чет өлкөлүк өнөрпоздор өз таланттарын тартуулашты.
Ошондой эле манасчы Дөөлөт Сыдыков баштаган бир топ манасчылардын манас айтуусу орун алды.

Фестивалга келген коноктор иш-чара мыкты деңгээлде өтүп жатканын билдиришти.
Иран-Ислам Рспубликасынын Кыргыз өлкөсүндөгү элчилигинин орун басары Таги Рустамиян: "Биринчиден бул фестивалды уюштурган Кыргыз өлкөсүнүн өкүлдөрүнө терең ыраазычылыгымды билдирем. Кыргыздын тамак-аштарын, кол өнөрчүлүгүн көрүп абдан суктанып жатам. Мындай фестивалдар чет өлкөдөн туристтердин келишине чоң өбөлгө түзөт.

Биз дайыма Кыргыз өлкөсүндөгү фестивалдарга активдүү катышып келебиз жана мындан ары дагы катышып, өзүбүздүн көргөзмөлөрүбүздү көрсөтүүгө даярбыз", - деп билдирди ал.

Эске салсак, аталган фестиваль 2006-жылдан бери өткөрүлүп келет. Ал эми 2021-жылы өтүп жаткан фестивалды Кыргыз өлкөсүнүн Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Манас жана Чыңгыз Айтматов атындагы Улуттук академиясы жана "Арт Араба" коомдук фонду биргеликте өткөрүүдө. Долбоор КМШга мүчө мамлекеттердин мамлекеттер аралык гуманитардык кызматташтык фондунун кызматташтыгынын чегинде өттү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан