Кыргыз-Тажик окуучуларынын жаңжалы: 4 кыргыз окуучусуна медициналык жардам көрсөтүлдү

Бүгүн, 23-сентябрда саат 13:00 чамасында Баткен районунун Көк-Таш айылынын Дахма жерлигинде мектептен келе жаткан төрт кыргыз окуучусун тажик айылынын 11-классынын 30га жакын окуучусу ур-токмокко алышканы, натыйжада 4 кыргыз окуучусу денелеринен түрдүү жаракат алып, ооруканага жеткирилгени маалымдалган.

Учурда окуучулардын абалы канааттандырарлык. Алар үйлөрүнө амбулатордук дарылануу үчүн жөнөтүлдү. Бул тууралуу Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматчысы Гүлкайыр Эргешовага байланышканыбызда маалым болду.

"Окуучулар ур-токмокко кабылгандан кийин облустук ооруканага келип түшкөн. Анда аларга биринчи жардам көрсөтүлүп, балдардын ар бирин текшерүүдөн өткөрүштү. Абалы канааттандырарлык болгондон кийин амбулатордук дарылануу үчүн үйлөрүнө жөнөтүлдү. Абалдары жакшы.

Учурда чек аралаш аймактарда коомдук-саясий абал тынч", - деп билдирди Эргешова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Kamchy-bek
2021-09-23 20:31:12
Таджики как шакалы,
+5
nazira...
2021-09-23 21:36:18
Абал тынч деп коюп жүрө бергиле. Кудай сактасын, дагы бир нерсе болуп бейкүнөө эл эле жабырланып жатат, силерге барибир экен.
+4
Dastanali
2021-09-23 21:59:05
Биздин чоңдор телефон аркылуу сүйлөшүп чечишет
+4
Alinur96kg
2021-09-23 23:28:31
Dastanali,же болбосо жабыркагандарга тушундуруу иштерин жургузушот.Башка колдорунан эч нерсе келбейт
+2
Kurbanalieva1991
2021-09-24 09:58:17
Курук сөз дагыле...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан