Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков башында турган Кыргыз өлкөсүнүн делегациясы бүгүн, 23-сентябрда Кабул шаарына кыргыз элинин атынан Ооганстан элине гуманитардык жүк жеткирди. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, гуманитардык жүк Ооганстандын жаңы түзүлгөн өкмөтүнүн премьер-министринин биринчи орун басарынын милдетин аткаруучу Абдул Гани Барадарга расмий тапшырылды.
"Жолугушууда Таалатбек Масадыков менен Абдул Гани Барадар ортосунда кеңири маек болду. Анын жүрүшүндө тараптар Ооганстандагы саясий кырдаалды талкуулап, Ооганстандагы жана жалпы региондогу коопсуздук маселелери боюнча пикир алмашышты.
Абдул Гани Барадар Ооганстандын элине гуманитардык жардам көрсөткөндүгү үчүн президент Садыр Жапаровго жана кыргыз элине ыраазычылык билдирди.
Ал Ооганстандын болгон муктаждыктарын айтып, эл аралык коомчулук убада кылган гуманитардык жардам келе электигин, ошондой эле мамлекетте каржылык эсептери алигиче ачылбай жатканын белгиледи.
Сүйлөшүү учурунда Абдул Гани Барадар коңшу өлкөлөр менен ишенимди бекемдөө чараларын күчөтүү зарылдыгын баса белгилеп, "Талибдерге" өлкөдө тынчтыкты орнотуу жана калктын жашоосун жакшыртуу үчүн экономика менен алектенүү зарылдыгын билдирди.
Мындан сырткары Кабул шаарына болгон сапарынын жүрүшүндө Таалатбек Масадыков Ооганстандын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Амир Хан Муттаки менен протоколдук жолугушуу өткөрдү", - деп жазылат маалыматта.