Орусиянын Новосибирск облусунун Уесть-Тарка айылында 200гө жакын карганын өлүгү табылды. Бул тууралуу аталган аймактын Ветеринария башкармалыгынын башчысы Сергей Кузлякиндин билдирүүсүнө шилтеме берүү менен орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 200гө жакын карганын өлүгү кечээ эртең менен табылган. Алдын ала маалыматтар боюнча, бул уулануудан улам болушу ыктымал. Себеби башка канаттуулар жабыркаган эмес.
Кузлякиндин айтымында, каргалардын өлүгү чогултулуп, лабораторияга жиберилди. Анын жыйынтыгы келе жаткан дүйшөмбү күнү белгилүү болот. Ветеринария кызматкери өлгөн каргалардын көбү жаш канаттуулар экендигин кошумчалаган.