“Кумтөр Голд” ишканасы кендин ишмердигине байланыштуу коомчулуктагы талкууга жооп берди. Бул тууралуу компаниянын расмий сайтында жарыяланды.
Маалыматка ылайык, акыркы мезгилде айрым массалык маалымат каражаттары, кээ бир саясатчылар, депутаттар жана социалдык тармактардагы “диван эксперттери” тарабынан “Кумтөр Голд Компани” ЖАКынын ишмердүүлүгү чоң талкууга алынган.
Ошондой эле алар коомчулуктун конструктивдүү суроолоруна жооп берүүгө ар дайым даяр экендиктерин билдиришкен:
* “Кумтөрдүн” алтынын сатууга байланыштуу маселе боюнча, алтынды кайра иштетүүчү фабриканын акыркы продуктусун – алтын, күмүш, жез жана башка кошулмалары бар Доре эритмесин алуу, аны тазалоо жана андан ары алтын менен күмүштү экспорттоо “Кыргызалтын” ААКсы тарабынан ишке ашырылат. Бул жагы “Кумтөр Голд Компани”, “Кыргызалтын” ААКсы жана өкмөттүн ортосунда түзүлгөн алтын менен күмүштү сатуу жөнүндө келишимде каралган.
* Убактылуу сырткы башкаруучунун милдети – иштин таасир этүү зонасында иштеген же жашаган адамдардын өмүрүнө же ден соолугуна түздөн-түз коркунуч келтирген, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жер казынасын коргоонун, экологиялык жана өнөр жайлык коопсуздуктун талаптарын бузууларды четтетүү үчүн коомдун ыйгарым укуктуу органы тарабынан зарыл болгон чаралар көрүлбөгөн шартта юридикалык жактын үзгүлтүксүз өндүрүштүк, экономикалык жана башка ишин камсыз кылуу болуп саналат.
Сырткы башкаруучу мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча министрлер кабинетинин төрагасынын буйругу менен дайындалат. Убактылуу сырткы башкаруучуну дайындоо тартибине ылайык, КГКнын убактылуу сырткы башкаруучусу мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга ай сайын компаниянын иши жөнүндө отчёт берет. Мында ыйгарым укуктуу орган – Инвестициялар министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду.
Эгерде депутаттар КГКнын Убактылуу сырткы башкаруучусунун отчётун уккусу келсе, анда алар бул маселени Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети менен макулдашуусу керек жана ошол учурда гана отчёт берилет. «Кумтөр Голд Компани» ЖАКы ар бир депутатка өзүнчө отчёт берүүгө милдеттүү эмес.
Эскерте кетсек, “Кумтөр Голд Компани” – бул соттук териштирүүлөр жүрүп жаткан стратегиялык объект, ошондуктан мыйзамга ылайык, биз таратууга укугубуз жок жашыруун маалыматтар да бар.
* “Кыргызалтын” ААКсынын “Good Delivery List” ишенимдүү жеткирүүчүлөр тизмесинен чыгып калышы убактылуу маселе. Убактылуу четтетүүнүн негизги себеби – “Stone X” компаниясынын чыгымдарын жабуу боюнча жарандык-укуктук доосуна байланыштуу. Маселени тынчтык жолу менен чечүү мүмкүндүгүн «Stone X» өз кайрылууларында эки жолу билдирген. Жакын арада күтүлүп жаткан сүйлөшүүлөр кырдаалды жөнгө салууга мүмкүндүк берет жана «Кыргызалтын» ААКсына ишенимдүү жеткирүүчү макамы кайтарылат.
Бул чечим (убактылуу четтетүү боюнча), “Кыргызалтын” ААКтын алтын сатуу укугун чектебейт, Кыргыз Республикасынын суверендүү укуктарын да чектебейт жана эч кандай субъектке баалуу металлдар рыногундагы көптөгөн эл аралык платформалардын алкагында\биржалар\рынокторундагы экинчи соодадан Кыргыз Республикасынан алтын сатып алууга тыюу салбайт (Баалуу металлдар рыногунун Лондон ассоциациясынан тышкары).
Мындан тышкары акыркы күндөрү маалымат каражаттарында “Кумтөр Голд Компанинин” профсоюз уюмунун төрагасына кенге барууга тыюу салынды деген маалымат жарыяланып, “эмнеге андай болду?” деген суроолор көп берилип жатканына төмөнкүдөй жооп беришкен.
«Кумтөр Голд Компани» ЖАКы компаниянын атын ыплас саясий технологияларда колдонбоону суранат жана кенге сырткы башкарууну киргизүү зарылдыгы болгонун эскертет. Бардык иштер мамлекеттин жана кыргыз элинин кызыкчылыгы үчүн гана жасалып жатканы айтылат.