Белгилүү америкалык актёр Мелвин Ван Пиблз 89 жашында каза болду

Америкалык актёр, режиссёр жана музыкант Мелвин Ван Пиблз 89 жашында каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар актёрдун жакындарына шилтеме берүү менен жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, "кара кинонун атасы" атыккан актёр Нью-Йорк шаарындагы үйүндө жакындарынын жанында жан берген.

Мелвин Ван Пиблз америкалык кинолордо кара денелүү адамдардын ролун мыкты чагылдырганы үчүн "кара кинонун атасы" аталган. Ал "Свит Свитбэк: Шүмшүктүн ыры" деген тасма аркылуу атактуулукка жеткен. Белгилүү актёр "Дарбыз-киши", "Арбактар", "Бемц, бемц, бемц" деген тасмаларды жараткан. Ошондой эле "Акыркы кино каарманы", "Бумеранг", "Жыгылуунун ылдамдыгы" деген тасмаларда роль жараткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Tursunbaev1978
2021-09-24 09:31:48
Свит Свитбэк супердин тупойлору
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан