Азербайжандын президенти Илхам Алиев Бириккен улуттар уюмунун башкы ассамблеясында сөз сүйлөп жатып Азербайжан менен Армениянын ортосундагы Карабах жаңжалы аягына чыкканын билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Илхам Алиев көп жылдан бери уланып келген Карабах жаңжалы артта калганын жана Азербайжандын аймагында мындан ары Тоолуу Карабах деген административдик аймак жок экендигин айткан.
"Азербайжан 30 жылдык Карабах жаңжалын согуштук-саясий жолдор менен жөнгө салды. Аймактык бүтүндүгүн жана тарыхый адилеттүүлүгүн калыбына келтирди. Карабах жаңжалы артта калды. Эми Азербайжанда Тоолуу Карабах деген аймак жок. Мындан ары Карабах жана Чыгыш Зангезур деген экономикалык аймактар түзүлөт", - деген президент.
Ал ошондой эле Бириккен улуттар уюмунун катчылыгына жана ага мүчө мамлекеттерге Азербайжандын аймагында өлкөнүн көз карашына ылайык келбеген ысымдарды колдонбоого чакырган.
"Жаңжал аяктады. Ошондуктан Азербайжан Армения менен чек араны тактоо боюнча иштерди баштоого даяр экендигин билдирет. Биз бири-бирибиздин аймактык бүтүндүгүбүздү таанууга тийишпиз. Бирок азырынча Армения тараптан эч кандай аракет көрө элекпиз", - деп кошумчалаган өлкө башчы.
Эске салсак, 2020-жылдын сентябрь айынын аягында Карабахтагы жаңжал кайрадан күч алып, куралдуу кагылыштар менен коштолгон. Ошондой эле эки тараптан тең чоң жоготууларга алып келген.
Карабах аймагы Азербайжандын курамындагы автономиялуу облус болуп саналат. Бирок элинин басымдуу бөлүгүн армян улуту түзгөндүктөн, Азербайжандан бөлүнүп, Арменияга биригүү аракетин кылып келет. Аталган аймак үчүн болгон эки өлкө ортосундагы чатак 30 жылдан бери токтобой келген.