SUPER.KG - Youtube каналында жана SUPER.KG порталында жаңы долбоор старт алды! "Эркекче" ток-шоу берүүсү! Суроолор көп беле? Жооптор сөзсүз болот. Бул чыгарылышта маданият, саясат, саламаттыкты сактоо тармагынын өкүлдөрү, мигранттар жана жай тургундар мырзалардын саламаттыгы тууралуу сүйлөшөт.
Ток-шоуда:
* Эмне үчүн мырзалар урологго, дарыгерге барганды уят көрөт?
* Кыргыз коомчулугунда гигиенаны сактап, өзүнө кам көрүп, келбетин, дене боюн карап жүргөн мырзаларга жакшы эмес пикирлердин айтылуусунун себеби эмнеде?
* Көп учурда күйөөсү ооруп калса, аялдары аларды дарыгерге барууга көндүрүшөт. Мырзалар өздөрүнүн саламаттыгы үчүн жоопкерчилик алышпайбы?
* Мырзалар жыныстык оорудан алыс болуу үчүн, аялынын көзүнө чөп салуунун алдын алуу үчүн кандай ойлордон алыс болуш керек?
* жана башка бир катар суроолор берилип, жооптор айтылды.
"Эркекче!" жаңы ток-шоу берүүсүн видеодон толук көрүңүз.