WhatsApp тиркемесинде өзүнчө билдирүүлөргө арызданууга мүмкүнчүлүк жаралды

WhatsApp тиркемесинде өзүнчө билдирүүлөргө арызданууга мүмкүнчүлүк жаралды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, WhatsApp башка көптөгөн мессенжерлер жана социалдык платформалар сыяктуу эле адамдар башкаларга ыңгайсыздык жаратпашы үчүн колдонуучулардын туура эмес жүрүм-туруму менен активдүү күрөшөт. Мурда колдонуучуга гана арызданууга мүмкүнчүлүк болсо, эми ар бир билдирүүгө өзүнчө арыздануу мүмкүнчүлүгү жаралды.

Google Play жана App Store үчүн расмий тиркемелерде жаңы функция тестирлөөдөн кийин гана жеткиликтүү болот.

Жаңы функция жеке кат алышууда гана эмес, топтук маектерде да иштеши мүмкүн. Мындан тышкары бизнес-аккаунт менен да арыздануу боло тургандыгы маалымдалат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан