Кыргыз өлкөсүнүн мурдагы президенти Аскар Акаев менен Армениянын мурдагы өлкө башчысы Левон Тер-Петросян Ереванда жолугушту. Бул тууралуу Армениянын улуттук конгрессинин маалымат катчысы Арман Мусинян социалдык баракчасына жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, Акаев Ереванга Орусия-Армения университетинин чакыруусу менен барган. Окуу жайдын жетекчилиги ага ардактуу доктор наамын ыйгаруу пландалып жатканы айтылат. Ошондой эле Акаев бир катар лекцияларды окуган. Жолугушуу 23-сентябрда Тер-Петросяндын хан сарайында өттү. Тер-Петросян менен Аскар Акаев 8 жылдай эки тараптуу деңгээлде жана КМШ алкагында активдүү кызматташып жатканы маалымдалды.