Жалал-Абад облусундагы Уч жайлоосунда 2 күн мурда өрт чыгып, эртеси өчүрүлгөн. Бүгүн, 24-сентябрда өрт кайра жанданды. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашат.
Белгилүү болгондой, 22-сентябрда Уч жайлоосунда өрт чыгып, 23-сентябрь күнү саат 20:05те толук өчүрүлгөн. Бирок өрт кайрадан жанданып баштаган, учурда жеринде жалпы 17 куткаруучу өрт өчүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.